Кыргызстанда музыкалык мектептердин директорлору эми ачык сынак аркылуу дайындалат
Кыргызстанда музыкалык мектептердин директорлору эми ачык сынак аркылуу дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 556 «Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн, кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык, балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин директорлук кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык сынак өткөрүү тартиби киргизилди.
Жаңы тартип жетекчи кадрларды тандоодо ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана бардык талапкерлер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, ошондой эле кесиптик тажрыйбасы жана башкаруучулук жөндөмү жогору квалификациялуу адистерди тартууга багытталган.
Бош кызмат орундары, талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар, керектүү документтер, сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин расмий сайтында жарыяланат.
Ачык сынак аркылуу тандоо системасын киргизүү кадрдык жол-жоболордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылууга, балдардын маданият жана искусство мектептерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, кадр саясатын өркүндөтүүгө, ошондой эле балдардын сапаттуу билим алуусуна жана чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
