Ноокенде дары-дармек жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташуу каналы аныкталды
Жалал-Абад облусуна контрабандалык жүктөрдү ташып кирүү каналына бөгөт коюлду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Комитеттин билдирүүсүнө караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө дары-дармек каражаттары жана эл керектөөчү товарлар табылып, алынган. Дары-дармек каражаттары Жалал-Абад облусунун аймагындагы жергиликтүү дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып келген.
Аталган продукциялар белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча тиешелүү сертификациядан (текшерүүдөн) өткөн эмес. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүү коркунучу бар.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандары: Т.М.М., А.Ж.А., А.М.Ж. жана А.К.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
