Баш байге автоунаа: Жалал-Абадда жылдын мыкты мугалими аныкталат
Жалал-Абад облусунда “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Сынак мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана чыгармачыл, демилгелүү педагогдорду колдоо максатын көздөйт.
Кароо-сынак 10 предмет боюнча жарыяланып, ага облустун бардык район, шаарларынан жалпы 101 мугалим катышууда. Алар төмөнкү предметтер боюнча күч сынашат:
- Кыргыз тили жана адабияты;
- Орус тили жана адабияты;
- Англис тили;
- Математика;
- Физика;
- Информатика;
- Химия;
- География;
- Биология;
- Аскерге чейинки даярдык.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан 14-ноябрда сынактын биринчи баскычы — тестирлөө өткөрүлүүдө.
Катышуучулар компьютер аркылуу өз предметтери боюнча тест тапшырышат. Анын жыйынтыгы менен кийинки баскычка өткөн мугалимдер аныкталат.
Кароо-сынак жобого ылайык үч баскычтан турат: тестирлөө, мастер-класс жана сабак өтүү. Экинчи жана үчүнчү баскычтар Манас шаарындагы Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында өткөрүлөт.
Сынактын баш байгесине Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаа коюлган. Жыйынтыгында Гран-при, биринчи, экинчи жана эки үчүнчү орундун ээлери болуп, жалпы беш мугалим баалуу белектер менен сыйланат. Мындан тышкары, алдыңкы катышуучулар үчүн кошумча сыйлыктар да каралган.
Кароо-сынак 14-18-ноябрь күндөрү өткөрүлөт.
