Суусамыр айылында Маданият үйүнүн курулушу 2019-жылдан бери бүтө элек
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Ал Суусамыр айылындагы курулушу бүтө элек Маданият үйүнө барды. Анын курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
200 орунга ылайыкталган имараттын жалпы аянты 570 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш иштеринин 90 пайызы аткарылган. Ички жасалгалоо, жылытуу системасын орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери калган.
Ошондой эле Улан Маматканов К. Конушбаев атындагы орто мектепке барды. Анда оңдоо иштери 2026-жылдын 24-июлунда башталып, 1-ноябрга чейин аякташы керек болчу. Бирок учурда иштердин 95 пайызы гана бүткөн.
Объектилерди кыдыруунун жыйынтыгында курулуш жана оңдоо иштерин толук аяктоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
