Бишкекте 10 жаштагы Азирет дайынсыз болууда. Милиция жарандардан жардам сурайт
Бишкекте 2016-жылы туулган Азирет Рустамов дайынсыз болууда. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.
Бүгүн, 16-ноябрда милицияга М.Н., аттуу жаран кайрылып, уулун издөөдө жардам сураган.
Азирет 15-ноябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек шаарынын Эркин эл көчөсүндө жайгашкан үйүнөн көчөгө ойногону чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери:
- чачы — сары;
- дене түзүлүшү -арыкчырай;
- бою -145 см;
- салмагы -33 кг.
Кийген кийими:
- үстүндө — кара түстөгү спорттук кийим;
- шымы — көк түстө;
- бутунда — кара түстөгү кроссовка.
Аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин МЭЖине катталып, учурда тиешелүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Милиция бала тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлар коюуну өтүнөт: 0 553 102-123 ; +996 700 669 334
