Ош мэриясы
16 ноябрь
Ошто дагы бир бала бакча капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди
Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоодон өткөн № 49 “Таң-Шоола” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты менен жеринен таанышып, анын ачылышына катышты.
Мэр жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, аталган бала бакчага эки телевизор белек кылды.
Имаратты капиталдык оңдоо иштери 2026-жылдын август айында башталган. Оңдоо иштеринин алкагында имарат толугу менен жаңыланып, балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары курулду.
Алардын аймактарына коопсуздук талаптарына жооп берген резина төшөлмөлөр төшөлүп, имараттын фасады жаңыланып, терезелери заманбап пластик терезелерге алмаштырылды.
Жүргүзүлгөн капиталдык оңдоонун натыйжасында балдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү.
