Бишкек жана Минск шаарлары кызматташтыкты кеңейтүү келечегин талкуулашты
2026-жылдын 9-ноябрында Минск шаарында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек менен Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Александр Черниковдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жана Беларустун борбор шаарларынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.
Өзгөчө көңүл шаардык башкаруу тармагындагы тажрыйба алмашууга, инженердик жана транспорттук инфраструктураны жаңылоого, коомдук транспортту жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын өнүктүрүүгө бурулду.
Атай Муратбек шаар куруу, архитектура, шаар аймактарын комплекстүү өнүктүрүү, жолдорду оңдоо, жол кыймылын уюштуруу, унаа токтотуучу жайлардын тармагын өнүктүрүү, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү маселелери боюнча Минск шаарынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле тараптар эки шаардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын ортосунда түз байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул шаар чарбасын башкаруу жаатында заманбап технологиялар, жабдуулар жана натыйжалуу тажрыйбалар менен алмашууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Бишкек жана Минск шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027–2029-жылдарга карата иш-чаралар планы өзүнчө каралды. Аталган документ биргелешкен иштин конкреттүү багыттарын аныктоого жана өз ара пайдалуу демилгелерди иш жүзүнө ашырууга багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
