Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады
Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов өлкөнүн экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелери, атап айтканда, азербайжан тараптын Кыргызстандын энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуунун келечеги талкууланды.
Маектештер ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго, ошондой эле "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан - Каспий деңизи - Азербайжан" багыты боюнча транспорттук коридорду өнүктүрүүнүн айрым аспектилерине токтолушту.
