Үч-Коргон ГЭСнин реконструкция иштери уланууда
20 август

Үч-Коргон ГЭСнин реконструкция иштери уланууда

Учурда “Электр станциялар” ААКнын Үч-Коргон ГЭСнин экинчи гидроагрегатынын реконструкция иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, иш үчүн зарыл жабдуулардын 94%ы жеткирилген. Коюлган планга ылайык, жумушчу топ объектти күз-кыш мезгилине карата өз убагында ишке киргизүү үчүн иш алып барууда.

Учурда аткарылган иштер:

• Гидроагрегат №3 – башкаруу шкафтарын жөнгө салуу, көзөмөл кабелдерин төшөө, жумушчу дөңгөлөктү чогултуу, жөнгө салуу системасынын түтүктөрүн монтаждоо, НА канаттарын орнотуу жана жабдууларды борборлоштуруу.

• Ротор ГГ-3 – ротордун үстүнкү кысуучу планкасынын ширетүү иштери аяктады.

• Май чарба системасы – түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүүдө.

• Туруктуу көтөрүү механизми АРЗ ТВ – лебёдка механизминин пайдубалын орнотуу жана СУР ГА-3түн паздарын лазердик тазалоо (жогорку бьефте).

Иштер 2025-жылдын ноябр айында бүтүшү пландалууда. Экинчи агрегат алмаштырылгандан кийин, станциянын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулайт.