Кирүү акысыз! Ош шаарында театр фестивалы өтөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 15-20-сентябрь күндөрү Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы жана Кыргыз ССРнин эл артисти С. Андабековдун 100 жылдыгына карата Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалын өткөрөт.
Фестивалга республиканын 14 театры бирден спектакль менен катышат.
Фестивалдын ачылыш аземи 16-сентябрь саат 11.00дө, ал эми жабылыш аземи 20-сентябрь 18.00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлөт.
Спектаклдерге кирүү акысыз.
