Дүйнө чемпионаты (U-23): Орозобек Токтомамбетов 2-орунду ээледи

Дүйнө чемпионаты (U-23): Орозобек Токтомамбетов 2-орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.