Грек-рим жана эркин күрөшү боюнча курама Дүйнө чемпионатына катышат

Грек-рим жана эркин күрөшү боюнча курама Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Мелдеш Албаниянын Тирана шаарында 28-31-октябрь күндөрү өтөт.

Грек-рим күрөшү курама команданын тизмеси:

55 кг Улан Муратбек уулу;

  • 63 кг Дастан Кадыров;
  • 72 кг Ийгилик Сатымкул уулу;
  • 82 кг Азат Салидинов;

►улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев;

►башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев.

Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:

  • 61 кг Тайырбек Жумашбек уулу;
  • 70 кг Алибек Осмонов;

► улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков;

► башкы машыктыруучу Руслан Маджинов.