Ошто эл аралык шахмат турнири өтүүдө
Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эл аралык шахмат турнирине старт берилди.
Шахматтын классикалык түрү боюнча турнирге Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөй спортчу катышууда.
Спорттук иш-чараны Ош шаардык шахмат федерациясы менен Ош шаарынын мэриясы биргеликте уюштурууда.
Белгилей кетсек, мындай турнир Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Турнир 9-ноябрга чейин уланат.
06.11.2024 10:34:00
