Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү

Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде 18-20-октябрь күндөрү аскердик кармаш уруш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асановдун жаркын элесине арналган мелдеш өспүрүмдөр жана жаштар арасында өткөрүлүп, Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын 300дөн ашуун спортчусу катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жаштар арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – “Бөрү Баткен”;

2-орун – “Скорпион Токмок”;

3-орун – “Улуттук Гвардия”.

Өспүрүмдөр арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – “КНВЛ”;

2-орун – СК “Жолборс Тайм”;

3-орун – СК “Ак-Барс”.