Дүйнө чемпионаты (U-23): Асан Жанышов коло медалга ээ болду

Дүйнө чемпионаты (U-23): Асан Жанышов коло медалга ээ болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Спортчу 87 кг чейинки салмакта катышууда.

Алгач 1/16 финалдык беттеште венесуэланын балбаны Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште украинанын балбаны Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште оруссиялык Ауэс Гонибошко утулган.

Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Джейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.