Бишкекте мас-рестлинг боюнча VI Дүйнө чемпионаты өтөт 

Бишкекте мас-рестлинг боюнча VI Дүйнө чемпионаты өтөт 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов эл аралык жана улуттук спорт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган мас-рестлинг боюнча делегацияны кабыл алды.

Жолугушууга катышкандар:

1. Григорьев Иннокентий Юрьевич – Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын биринчи вице-президенти жана башкы катчысы, «Бүткүл дүйнөлүк мас-рестлинг борбору» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун башкы директору;

2. Баишева Диана Александровна – Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын техникалык маселелер, жабдуулар жана корпоративдик дизайн боюнча комиссиясынын жетекчиси;

3. Ермолаев Егор Иннокентьевич – мас-рестлинг боюнча VI Дүйнөлүк чемпионаттын башкы калысы;

4. Алымбеков Искендер Кенешбекович – Азия мас-рестлинг федерациясынын биринчи вице-президенти;

5. Жетигенов Бакыт Темирбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук мас-рестлинг федерациясынын президенти.

Жолугушуунун күн тартибинде 2024-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин Бишкек шаарында өтө турган мас-рестлинг боюнча VI Дүйнөлүк чемпионатка даярдык маселелери талкууланды. Ошондой эле турнирди уюштуруу боюнча башка маанилүү суроолор каралды.