Талас районунда жабык ордо аянты ачылды

Талас районунда жабык ордо аянты ачылды

Талас районунун Кырк-Казык айылында күн мурун жаңы курулуп бүткөн Керимбай уулу Максатбек атындагы жабык ордо аянтынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу  облустук жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти. 

Ордо аянты айыл тургундарынын жана жергиликтүү айыл өкмөтүнүн колдоосу менен салынган. 

Имараттын ачылышына Талас облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси Бекболот Бейшенов, Беш – Таш айыл аймагынын башчысы Шамил Мурат жана ордо федерациясынын өкүлдөрү катышышты.