
Дүйнө чемпионаты (U-23): Раззак Бейшекеев финалга чыкты
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Спортчу 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште албаниянын балбаны Даниель Дажанини 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Фарид Халиловду 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште жапониянын балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште польшалык Арсланбек Салимовду утуп финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзе менен беттешет.