
Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн беш балбан килемге чыгат
Бүгүн, 21-октябрда Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш (грек-рим, эркин, кыз-келиндер) боюнча мелдештер башталат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, килемде грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82, 97 кг салмак категориясында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат:
- 60 кг: Акыл Сулайманов – Абуладзе Придон (Грузия);
- 67 кг: Раззак Бейшекеев – Даниель Дажани (Албания);
- 72 кг: Адилхан Нурланбеков – Мухаммед Гөчмен (Түркия);
- 82 кг: Бекзат Оркул уулу – Самвел Григориян (Армения);
- 97 кг: Нурмамбет Раймалы уулу – Лукач (Хорватия), Катич (Сербия).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 башталат.