Бокс боюнча улуттук курама Кытайда өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

Бокс боюнча улуттук курама Кытайда өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Үрүмчү шаарында (Кытай Эл Республикасы) өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 жеңди.

Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) алтын медаль жеңип, мелдештин жеңүүчүлөрү болду.

Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) коло байгеге татышты.

Ал эми, 9-октябрда 67 кг чейинки салмак чен бирдигинде Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн күч сынашат.

09.10.2024 11:13:33