Бел боо күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат
Кыргыз Республикасынын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында (Татарстан Республикасы) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Мелдеш 10-13-ноябрь күндөрү өтөт.
Эркектер арасында:
- 57 кг Жантөрө Калмырзаев, Кудайберди Жакыпов;
- 62 кг Роман Сапаров, Нурлан Садыралы уулу;
- 68 кг Кенжебай Нарынбай уулу, Байтемир Акылбек уулу;
- 75 кг Айболот Аманов, Хабибулло Тынчтыкбек уулу;
- 82 кг Мыктыбек Өмүржан уулу, Манас Үсөнов;
- 90 кг Болотбек Туратов, Муктарбек Мунарбеков;
- 100 кг Баяман Мыктыбеков, Сыймык Чубак уулу;
- +100 кг Бактияр Мирлан уулу, Муктарбек Калыбек уулу.
Кыз-келиндер арасында:
- 58 кг Бегай Бешенаалы кызы, Аяна Рыскулова;
- 66 кг Аземи Камчыбекова;
- 76 кг Адина Алмазбекова;
- +76 кг Айжан Анарбекова.
Курама команда машыктыруучулар Нурбек Кожобеков жана Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
01.11.2024 11:29:20
