Кыргызстандык боксчулар жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болушту

Кыргызстандык боксчулар жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болушту

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Монтенегродо өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 2 коло медалга ээ болушту.

54 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев жана 92 кг чейинки салмак категориясында Тыныстан Алыбаев 3-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

01.11.2024 11:25:19