Каратэ сётокан боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Каратэ сётокан боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Бүгүн, 29-октябрь күнү каратэ сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн Улуттар аралык SKDUN 31 - Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Бактыяр Бокоев жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, каратэ сётокан боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло) жеңген.

Алтын медалдын ээлери:

Бакыт Джумалиев (жаштар арасында 16-17 жаг кумитэ 63 кг);

Күмүш медалдын ээлери:

Алибек Эсеналиев (өспүрүмдөр арасында 10-11 жаш кумитэ 34 кг);

Самиул Койчубеков (16-17 жаш кумитэ 73 кг)!

Коло медалдын ээлери:

Дильшат Мамбетов (16-17 жаш кумитэ 73 кг);

Батырхан Мукайбеков, Байыш Элмурзаев, Бакытбек Джумалиев (16-20 жаш командалык оюндар).

Курма команда улук машыктыруучу Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.