
Азия биринчилиги жана Азия чемпионаты. Кыргызстандык спортчулар 67 алтын медаль утту
Кыргызстандын Таэквон-до ГТФ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия биринчилигинде жана Азия чемпионатында жалпысынан 126 медаль утту. Анын 67и алтын, 37и күмүш жана 22си коло.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 6-10-октябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 78 спортчу катышты.
Алтын медалдын ээлери (Азия биринчилиги):
- Данияр Максатов (15-17 жаш, 46 кг хьенг, пойнт-стоп),
- Арген Анарбаев (15-17 жаш, 40 кг массоги),
- Мирбек Сапарбеков (15-17 жаш, 58 кг массоги),
- Артем Туркин (15-17 жаш, 70 кг массоги),
- Искендер Сыдыкакбаров (15-17 жаш, 76 кг массоги, пойнт-стоп),
- Нурсултан Раатбеков (12-14 жаш, 65 кг пойнт-стоп),
- Лейсан Аджиходжаев (12-14 жаш, 50 кг массоги, пойнт-стоп, хьенг),
- Эмир Эсенаманов (12-14 жаш, массоги, пойнт-стоп),
- Нурислам Теимрбеков (12-14 жаш, 55 кг массоги),
- Адилет Абдыбеков (10-11 жаш, 34 кг массоги, пойнт-стоп),
- Раяна Абыдкадырова (10-11 жаш, 43 кг массоги),
- Ислам Эмилбеков (10-11 жаш, +53 кг пойнт-стоп).
- Алтын медалдын ээлери (Азия чемпионаты):
- Рахимжан Ибраев (82 кг, пойнт-стоп),
- Саадат Султанасир кызы (46 кг, массоги).
Курама команда башкы машыктыруучулар Атай Иманаилев жана Аскар Сыдыкакпаров, машыктыруучулар Бексултан Эрнисов жана Жоомарт Темирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.