Ош шаарында бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Ош шаарында бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Самарбек Бапановдун жаркын элесине арналган бокс боюнча VIII эл аралык турнир өтүүдө.

Мелдешке коңшу Өзбекстан, Казакстан, Россия, Кыргызстандын бардык облустарынан, анын ичинде Ош жана Бишкек шаарларынан 100дөн ашуун мушкер катышууда.

Спорттук иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектеби тарабынан уюштурулууда.

Турнир 19-октябрда жыйынтыкталат.