Кыргызстандын жаштар курамасы Panda Cup эл аралык мелдешине катышат
13-19-ноябрь күндөрү Кытайдын Бейжин шаарында «Panda Cup» эл аралык мелдеши орун алат. Ага Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынан сырткары, Австралия, Кытай жана Монголия катышат.
Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат.
Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда. Эске салсак, Азия Кубогунда биздин курама «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.
09.11.2024 21:42:52
