Абайлаңыз! Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

Абайлаңыз! Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 15нен 17-октябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.