Кара-Буура жана Сары-Кыш ашуулары каттам үчүн жабылды 

Кара-Буура жана Сары-Кыш ашуулары каттам үчүн жабылды 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусу жана Жалал-Абад-Казарман жолунун Сары-Кыр ашуусу жазга чейин жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгы тууралуу жол белгилери орнотулууда.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Кыр жана Кара-Буура ашуулары жыл сайын октябрданмайга чейин жабык болот.

14.10.2024 13:56:04