“Камбар-Ата 2” ГЭСи күз-кыш мезгилине 90% даяр

“Камбар-Ата 2” ГЭСи күз-кыш мезгилине 90% даяр

«Электр станциялар» ААКнын «Камбар-Ата-2» ГЭСинин 2024-жылга карата коюлган планынын негизинде оңдоп-түзөө иштери өз убагында аткарылууда. 

“Электр станциялары” ААКка караштуу «Камбар-Ата-2» ГЭСин оңдоо жана эксплуатациялык коргоо иштери өз убагында аткарылды.

Эске салсак,энергетика министри Т.Ибраевдин буга чейинки «Электр станциялар» ААКна караштуу ГЭСтерге болгон иш сапарында 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине чейин оңдоо иштери кечеңдетилбеши керектигин баса белгилеген.

Мындан улам “Камбар-Ата-2” ГЭСинде 2024-жылга карата “KAGES” жылдык оңдоо планына ылайык, төмөнкү иштер аткарылды:

1) «Б» 146 Курулуш жана эксплуатациялык суу өткөргүчүнүн (КЭСӨ) башкы клапанынын(БК) сапатын жакшыртуу максатында сырдалып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

2) Төмөн салмактуу 2*63 тонналык порталдык кранынын кран жолдорун жана Т-1,2 трансформаторлорунун рельс жолдорун оңдоо иштери аягына чыкты.

3) ГА-1 гидроагрегатынын, Т-1, ГТСН-21, Т-51 трансформаторлорунун жана 110 кВ электр жабдууларынын (ЭЖ) учурдагы оңдоо иштери өз убагында аткарылды.

4) АТУ КАГЭСтин атайын техникасынын (көтөргүч) жардамы менен 930 м денгээлдеги ГЭСтин суу алуучу өтмөгүн таштандылардан арылтуу иштери атайын механикалаштырылган тазалоонун негизинде ишке ашты.

5) КАГЭС-2 суу сактагычынын имаратынан чыгуу каналын пландуу жууп-тазалоо мезгилинде станциянын монтаждоо жана демонтаждоо иштери аткарылып бүттү.

6) ГА-1 учурулганга чейин станциянын имаратынан чыгуучу каналынын убактылуу секиргичи демонтаждалган.

7) КАГЭС-2 суу сактагычына топтолгон таштандылардан арылуу үчүн, пландуу гидравликалык тазалоо иштери аяктады.

8) 1 суу түтүгүндөгү №2 компенсаторунун убактылуу пломбасын оңдоо иштери жасалды.

9) V-1 суу түтүгүнүн №1 компенсаторунун экономикалык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында иш-чаралар өткөрүлдү.

10) Гидроэлектростанциялардагы жана суу алуучу имараттардагы тешиктерди, кабыл алгычтарды, эшиктерди, ошондой эле технологиялык түтүктөрдү жана өрт өчүрүүчү түтүктөрдү жылуулоо иштери соңуна чыкты.

Учурда “Камбар-Ата”2 ГЭСинде жасалып жаткан негизги жумуштар аткарылды . Жалпысынан алганда жогорудагы иштер алдыңкы жылдары калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган.