Төө-Ашууда кар жаап жатат. Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылды
14-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Ведомствого караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунун 209-230-чакырымдар аралыгында (Ала-Бел ашуусу) жана 123-138-чакырымдар аралыгында (Төө-Ашуу) кар жаап жатат. Тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Жол ачык, каттам бар.
Ушундай эле жагдай Өтмөк ашуусунда орун алууда. Унаа кыймылына чектөө жок.
Министрликтен жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда деп билдиришти.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.