
Ошто Конфессиялар аралык кеңештин жыйыны өттү
Ош шаарынын мэриясында мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен биргеликте Конфессиялар аралык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, дин тутууга байланыштуу нормативдик-укуктук актыларды түзүүдө, иш кагаздарды, диний уюмдардын ичиндеги маалыматтарды мамлекеттик тилде туура жазуу боюнча маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Ошондой эле, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кайрымдуулук, гуманитардык, тынчтыкты камсыздоо, социалдык маселелерди чечүү боюнча тыгыз кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү улантылаары белгиленип, жыйындын катышуучуларына мамлекеттик тилде иш алып баруу боюнча колдонмолор берилди.
Маалымат үчүн: Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш КР ДИМК тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында 2021-жылы түзүлгөн.