Талас шаарынын 80 жылдыгы белгиленди

Талас шаарынын 80 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Улуттук Манас Ордо комплексинде Талас шаарынын жана Манас районунун 80 жылдык мааракесине арналган массалык-маданий иш-чара белгиленди. 

Кош мааракеге арналган иш-чарада көрүүчүлөрдүн назарына бүйүр кызыткан кыргыз улуттук оюндары, манасчылар фестивалы, ак таңдай акындардын айтышы, "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" фестивалы коюлду.

Үч күнгө мерчемделген иш-чарага жигердүү катышып, ийгилик көрсөткөн спортчулар, кол өнөрчүлөр жана таланттуу өнөр адамдары акчалай сыйлыктар баалуу белектер менен сыйланышты.

Буга кошумча Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон эмгек алдыңкыларына Талас шаарынын мэриясынын төш белгилери, Ардак грамоталары, ошондой эле ыраазычылык каттары тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара эстрада ырчыларынын коштоосунда гала-концерт менен жыйынтыкталды.