
Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда
Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалууда. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллион сом жумшалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери шаардын 2045-жылга чейинки даярдалып жаткан башкы планын талкуулашты.
Шаарды кеңейтүүдө экономикалык, инфратүзүмдүк шарттарды эске алуу зарылдыгын белгилешти.
Даярдалып жаткан башкы планга ылайык, Кара-Көл шаарынын аянты жанаша жайгашкан айыл аймактардын Жаз-Кечүү, Кайынды, Жээн-Кыштоо жана Чоң-Таш эсебинен 1858.97 гектар кошулат.
Анын ичинде өндүрүштүк аймак, турак-жай курууга багытталган жерлер такталып, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы иштелип чыгат.