Баткенде ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Баткенде ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн капсула салуу иш-чарасы болуп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары катышкан.

Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы "Асман резиденс №1" турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу пландалган.

Батирлердин жалпы саны 2364.

Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар.

Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.