ЖК комитети камсыздандыруу ишине байланышкан мыйзам долбоорлорун карады

ЖК комитети камсыздандыруу ишине байланышкан мыйзам долбоорлорун карады

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоорлорун экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев тааныштырды.

Баяндамачы учурдагы камсыздандыруу жөнүндө мыйзам 1998-жылы кабыл алынып, актуалдуулугун жоготконун белгиледи. Андыктан, Кыргыз Республикасында камсыздандырууга байланышкан бардык маселелерди жөнгө салууга, туруктуу камсыздандыруу чөйрөсүн түзүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Айгүл Айдарова камсыздандырууну ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктер, жарандардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди көтөрдү. Ал эми депутат Жылдыз Садырбаева камсыздандыруунун механизмдерине, ыйгарым укуктуу органга кызыкты. Баяндамачы ыйгарым укуктуу орган болуп Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы эсептелээрин белгиледи.