Жалал-Абад шаарында “Ички аскерлердин аллеясы” ачылды

Жалал-Абад шаарында “Ички аскерлердин аллеясы” ачылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Нурислам Карыбеков” атындагы сейил багында “Ички аскерлердин аллеясы” ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Иш-чарага Ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Облус башчысынын орун басары милиция кызматкерлерин жаңы аллеянын ачылышы менен куттуктады.

“Бул аллея – биздин коопсуздугубузду камсыз кылып, коомдук тартипти сактоо үчүн күнү-түнү эмгектенген ардактуу милиция кызматкерлеринин эмгегин жана каармандыгын даңазалаган өзгөчө орун болот деп ишенем. Милициянын иши – өлкө үчүн абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү милдет. Жаңы аллея сиздердин баатырдык ишиңиздерди чагылдырып, урпактарга татыктуу мурас болуп калат деген ишеничтемин", – деди Максат Сыдыков.