
Баткен облусу менен Гуд Нейборс уюмунун кызматташтыгы өнүгөт
КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров айылды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында форумга катышты. Иш-чара Гуд Нейборс уюму тарабынан уюштурулган.
Ага Гуд Нейборс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чо Сунхён баштаган кызматкерлер, аталган уюмдун өнөктөштөрү да катышып, форум алардын маалымат алмашуусу жана келечек пландарды талкуулоосу үчүн зор аянтча болду.
Тимур Мадяров өз сөзүндө Гуд Нейборс уюму менен Баткен облусунун кызматташтыгынын алкагында ишке ашкан долбоорлор, натыйжалар тууралуу маалымат берип, аталган уюм менен кызматташуу, Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багыталган демилгелерди илгерилетүүдө маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Ошондой эле бүгүнкү форум, Баткен облусу менен Гуд Нейборс уюму бирге басып өткөн жолдогу жетишкендитерге баа берип, кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничин билдирди.
Белгилей кетсек, Гуд Нейборс уюмунун “Берекелүү аймак” долбоорунун алкагында Баткен облусуна 12 өнүгүү борборлору курулган.
Алардын ар биринде дыйкандар жана аялдар, ошондой эле эрте балдар үчүн окуу жайлары бар.
Андан сырткары,
- 2 спорт залы, 1 бала бакча, 1 сугат каналы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
- 1 жол асфальтталган,
- 37 ашык үйгө газ түтүгүнө кошуу мүмкүнчүлүгү берилди,
- ФАП, спорт аянтчасы жана балдар аянтчасы, суу сактагыч курулду
- 1 бала бакча жана логистикалык борбор курулууда.
КРнын Президентинин Баткен облусунда