
Кыргызстанда жер титирөө катталды
Кыргызстанда очогнуда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 20-октябрда саат 23:44дө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.