Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир жана 500 миң сом тапшырылды
Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир белекке берилди. Андан тышкары, президенттин атынан 500 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Аларды бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
Белгилей кетсек, үч эм ушул жылдын 7-мартында жарык дүйнөгө келген.
Наристелердин атасы Гүлжигит Каримов Ош шаарындагы Жаза Аткаруу кызматында иштейт, апасы Айсана Султанова үй кожойкеси. Алардын жалпы 7 баласы бар.
Үч эмдин экөө уул, бирөө кыз.
11.11.2024 15:12:38
