Таласта шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугуна даярдыгы текшерилүүдө
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын адистери 27-октябрдан тартып облус боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугуна даярдыгын текшерүүнү улантууда.
Бул иш-чаралардын максаты - өрт кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо жана коопсуздук чараларын күчөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда жалпы республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү. Талас облусу боюнча жалпы 117 шайлоо участкасы бар.
31.10.2024 21:56:45
