Нарын районунда жолдорго асфальт төшөө иштери уланууда
Нарын районундагы Госдорога - Пионер унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланып жатат. Бүгүнкү күндө пландалган 1 чакырымдын 670 метрине асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары, Госдорога - Үч-Нура автожолунун 9-12- чакырым аралыгына 1, 2 км асфальт басылды. Учурда калган тилкесине асфальт төшөө пландалууда.
Жеринде №8 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
31.10.2024 21:45:58
