Бостеридеги борбордук пляж жаңыланат. Иш 10 күндүн ичинде башталат
КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н. К. Орунтаевдин,директордун орун басары Б Турдугуловдун, жергиликтүү аймактын бийлик өкүлдөрүнөн Д. Арпачтев жана Мамкурулуштун алдындагы “КЫРГЫЗКУРУЛУШ” МИ директору Алмаз уулу Максаттын катышуусунда Бостери айылына болгон жумушчу сапар болуп өттү.
Сапардын алкагында Ысык - Көл районунун Бостери айылындагы “Борбор” пляжы оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңылануусу талкууланды. Аталган аймакты заманбап эс алуучу жайга айлантуу үчүн 35 млн сом сарпталмакчы. Долбоорду ишке ашыра турчу КРнын Министрлер кабинетине караштуу архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы"Кыргыз курулуш" мамлекеттик ишканасы объект менен жеринен таанышты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 10 күндүн ичинде курулуш иштери баштоо чечими кабыл алынды
11.11.2024 19:57:07
