Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө

Ош шаарынын Жаңы-Маала айылынын тургуну 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала кечээ күнү, Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткен.

Бул тууралуу маалымат бүгүн, 10-ноябрда 112 кызматына түшкөн. Мындан улам ИИМ кызматкерлерине көмөктөшүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулду, натыйжа болгон жок. Издөө эртең улантылат.

10.11.2024 19:47:37