Жалал-Абадда жаңы кыргыз-орус "Достук" паркы ачылат

Жалал-Абадда жаңы кыргыз-орус "Достук" паркы ачылат

Жалал-Абадда жаңы кыргыз-орус "Достук" паркы ачылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Россия президентинин аппаратынын аймактар аралык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков баштаган делегациянын жолугушуусунда маалым болду.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жыйынга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Облус башчысы Россия — Кыргызстандын, анын ичинде Жалал-Абад облусунун тышкы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы негизги өнөктөшүнүн бири экенин белгиледи.

Өкүл жолугушуу Орусия менен Кыргызстандын аймактарындагы ийгиликтүү кызматташууну улантууга жаңы дем берээрине ишеним артып, буга чейин аткарылган долбоорлорду атап өттү.

Жолугушуунун негизги максаты катары, ушул жылдын 26-октябрындагы Жалал-Абад шаарынын күнүнө карата, Россиянын каржылык көмөгү астында курулган жаңы кыргыз-орус "Достук" паркынын ачылышы, ага карата даярдык чаралары талкууланды.

Тилек Текебаев "Достук" паркынын курулушу кызматташтыктагы маанилүү учур экенин айтып, анын ачылуу аземине карата жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн кошумчалады.