Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 09:07 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине тазалоо иштерин №9 ЖТИден 3 техника тартылып, тазалоо жумушун жүргүзүүдө.

Ошондой эле абалды көзөмөлдөө максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан, Жайыл райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынын 2 куткаруучусу чыгып кетти.

Жабыркагандар жок. Учурда кар көчкү түшкөнгө байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

08.11.2024 07:33:28