Баткендеги инвестициялык форум. Төрт меморандумга кол коюлду

Баткендеги инвестициялык форум. Төрт меморандумга кол коюлду

Баткен шаарында өткөн "Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” II эл аралык инвестициялык форумунун алкагында төрт меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар:

  • КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен «Кыргыз Гуанда Нью Энержи» ЖЧКсынын энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө 300 млн долларды түзгөн меморандуму.
  • КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Sun Energy Co жоопкерчилиги чектелген коому, энергетика тармагында 230 млн доллар өлчөмүндө кызматташуу меморандуму.
  • КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун ортосунда туризмди өнүктүрүү жаатында меморандуму.
  • КР Энергетика министрлиги менен LV ZIYUAN ЖЧКсынын ортосунда 1 млрд 670 млн доллар болгон инвестициялык макулдашуу.

Белгилей кетсек, 12-октябрда Баткенде "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" аталыштагы 2-чи инвестициялык форуму өттү. 

Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын, Түркиянын жана башка бир катар мамлекеттердин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн жакшы аянтча болду. 

Форумдун жүрүшүндө энергетика, туризм, айыл чарба, өнөр жай, логистика жана эл аралык жүк ташуу, ошондой эле кичи жана орто бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө тиешелүү темалар кеңири талкууланып, бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди.