Жазуучу Асан Жакшылыковдун тандалма чыгармалар жыйнагынын 21 томдугу жарык көрдү
Асан Жакшылыков

Жазуучу Асан Жакшылыковдун тандалма чыгармалар жыйнагынын 21 томдугу жарык көрдү

Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун 75 жаш мааракесине карата тандалма чыгармалар жыйнагынын 21 томдугу жарык көрдү. Анын бет ачары бүгүн, 15-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында өтөт. Башталышы саат 11:00дө. 

Китепканадан кабарлашкандай, ошондой эле “Асыл ой, Ак сөз, Адал иш” аттуу китеп жана сүрөт көргөзмөсүнүн  ачылышы да болот.

21 томдук жыйнакка:

  • “Таңдын ырахаты” ырлары,
  • “Мээрим” ыр менен жазылган романы,
  • “Элет” аңгемелери,
  • “Кыргызчылык”,
  • “Кыргыз жолу”,
  • “Учкул сөздөр”,
  • “Көкөй кести” драмалары,
  • “Обондуу ырлары” кирген.

Ал эми көргөзмөгө эл жазуучусунун бала чагы, жаш кези, чыгармачылыктагы орунттуу окуяларды камтыган сүрөттөрү, сыйлыктары жана китептери, ММКна чыккан макалалары коюлган.


Маалымат үчүн: Кыргыз Эл жазуучусу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акындардын Бүткүл дүйнөлүк Конгрессинин мүчөсү , маданияттын жана исскуствонун Бүткүл дүйнөлүк академиясынын мүчөсү, коомдук ишмер Асан Жакшылыков 1949-жылы Нарын районунда төрөлгөн. Алгачкы ырлары 1963-жылы республикалык басма сөз каражаттарына жарыялана баштаган. 1969-жылы “Таңдын ырахаты” аттуу тунгуч ыр жыйнагы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн.

А.Жакшылыков 1977-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 2008-жылы Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, 1992-жылдан Маданият жана искусство академиясынын, Акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү (штаб квартирасы Вашингтондо). 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.

А.Жакшылыков А.С.Пушкиндин, Р.Тагордун, Л.Леоновдун, Э.Межелайтистин, Г.Эминдин, Б.Олейниктин, Абайдын, М.Смеляковдун ж.б. акындардын чыгармаларын кыргызчага которуп, алар "Тандалмалар" китебине киргизилген.

А.Жакшылыковдун чыгармачылыгын изилдеген атайын "Асан чакырык" аттуу макалалар жыйнагы 2005-жылы жарык көргөн. Көптөгөн ырларына обондор жана романстар жазылган.

15.10.2024 07:21:19