
Россиянын декоративдик искусство музейинде «Кылымдардын мурасы» көргөзмөсү ачылды
Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган “Кылымдардын мурасы” көргөзмөсү 18-октябрда Россиянын декоративдик искусство музейинде ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Иш-чараны Кыргызстандын маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев ачты.
Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөттү. Экспозицияда байыркы мезгилдерден бери сакталып келген кымбат металлдардан жасалган жогорку өнөрчүлүк чыгармалары коюлган.
Ошондой эле, эрте көчмөндөрдүн — сактардын (VIII-III кылымдар, б.з.ч.) жана Улуу көчмөндөр доорунун (I-V кылымдар, б.з.) элдеринин байыркы искусствосунун буюмдарына өзгөчө кызыгуу пайда болду.
Көргөзмөдө кыргыздардын салттуу турак-жайы болгон боз үй да көрсөтүлдү, ал көчмөн элинин бай маданияты менен тарыхын символдойт. Боз үй кыргыз турмушунун мүнөзүн чагылдыруучу гана эмес, кыргыз мурасынын уникалдуулугун баса белгилеген маанилүү элемент болду.
Көргөзмө 21-октябрга чейин уланат.
Бул көргөзмө Кыргызстандын миңдеген жылдар бою калыптанган тарыхы, маданияты жөнүндө уникалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.