Түштүк Кореяда “Семетей” музыкалык спектакли коюлат

Түштүк Кореяда “Семетей” музыкалык спектакли коюлат

Түштүк Кореяда “Семетей” музыкалык спектакли коюлат, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы. 

Спектакль үстүбүздөгү жылдын 26-27-октябрда күндөрү Азия маданий борборунун № 1 театрында көрсөтүлөт. Аны Корей чыгармачылык тобу менен Кыргыз чыгармачылык тобу биргеликте даярдап чыккан.

Учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун ортосундагы Кыргыз Республикасында маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү жаатында өнөктөштүк долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылга иш-чаралар планын негизинде өтүп жатат.

Эки өлкөнүн кызматташуусунун алкагында 2024-жылдын 23-24-август күндөрү саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "пхансори" жанрындагы "Эки көз" спектакли коюлган.