Кыргызстан жана Казакстан министлери Казак улуттук университетинин Бишкектеги филиалына барышты
22 август

Кыргызстан жана Казакстан министлери Казак улуттук университетинин Бишкектеги филиалына барышты

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов жана Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек расмий сапар менен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкек филиалына барышты.

Министрлер филиалдын окуу жана илимий ишмердүүлүгү менен таанышып, аудиторияларды жана лабораторияларды көрүп чыгышты. КазУУнин илимий-инновациялык иштер боюнча проректору Маргулан Ибраимов жана филиалдын директору Жамин Шейшенов окуу жайдын түзүлүшү, учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги боюнча маалымат беришти.

Өз сөзүндө Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек Казакстан Улуттук Университетинин Бишкектеги филиалы - эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн ачык далили экенин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов филиалдын мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин билдирип, анын кыргызстандык жаштар үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, жамаатка ийгилик каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер билим берүү жана илим тармагында кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү демилгелерди талкуулашты.

Маалымат үчүн: Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкек филиалы 2022-жылдын 26-майында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган.

Бүгүнкү күндө филиал бакалавриат жана магистратура боюнча 12 программаны ишке ашырууда.

Алардын ичинен эң көп талапка ээ болгон адистиктер – «Юриспруденция», «Менеджмент», «Компьютердик инженерия» жана «Чет тил филологиясы».

Филиалда болжол менен 750 студент билим алууда, ал эми 2025–2026-окуу жылына 630дан ашык абитуриент кабыл алынган. Ошондой эле окуу жайдын чет өлкөдөгү филиалдары Түркиянын Стамбул шаарында жана Орусиянын Омск шаарында иштейт.